Пара талап кылуу фактысы менен кармалган Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Аны кармоо УКМКнын Башкы прокуратура менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн. Шектүү кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 5 миң доллар талап кылганы айтылган. Тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери 200 миң сомдон ашык суммадагы опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер алынган.