Жаңылыктар
Сузак: 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузак: 9 жаштагы Сумаяны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылды

Сузак районунун 9 жаштагы тургуну Хосилжанова Сумая Уткирбековна ушул жылдын 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке окууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат ЖМКларга таратылганын Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Сумаянын кайда экендиги азыркы учурга чейин белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу Сузак РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү 100дөн ашуун тургундар менен биргеликте издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Жарандарга бүгүн, 22-ноябрда Сузак районунун борбордук бөлүгүндөгү аянтчада Сумая тууралуу маалыматтар берилди. Издөө иштерине тартылган милиция кызматкерлери жана ыктыярчылар айылдарды аралашып, телефон аркылуу изделип жаткан кыздын сүрөтүн элге көрсөтүп издеп жатышат. Ошондой эле талаалар, сай бойлору да текшерүүгө алынууда. Бирок азырынча натыйжалуу майнап чыга элек. Буга байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 120-130 см, өңү кара тору, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө ак көйнөк, боз түстөгү джемпер, көк түстөгү куртка, кызгыл түстөгү бут кийим болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Хосилжанова Сумая Уткирбековна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү дарекке кабарлап коюуңуздар.

Тел.: 102, (03722) 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70.