Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Москвага жумушчу сапары менен жөнөп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Москвага жумушчу сапары менен жөнөп кетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрүүсү пландаштырылууда, анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланмакчы. 

Белгилесек, сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.