Жаңылыктар
Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан "Европа биримдиги - Борбордук Азия" диалогуна катышуунун алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда Казакбаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоону тезирээк аяктоого бул эки өлкө ортосундагы мамилелердин бардык спектрине оң таасирин тийгизерин белгиледи. Кыргыз тарап прокуратуранын, кылмыш-жаза аткаруу системасынын өкүлдөрүн, чек ара ведомстволорун тартуу менен консулдук консультацияларды өткөрүүнү, жана ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын координациялык отурумдарын өткөрүү тажрыйбасын калыбына келтирүүнү сунуштады. 

Ошондой эле экономикалык кызматташтыктын перспективалары, жарандардын сапарларын жеңилдетүү жана өлкөлөрдүн ортосунда жүк ташууларды жүрүгүзүүнү либералдаштыруу маселелери талкууланды.