Жаңылыктар
УКМК дарылардын баасын көзөмөлгө алууда
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК дарылардын баасын көзөмөлгө алууда

Турмушка зарыл болгон дары дармектин баларын көзөмөлдөө жана тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында УКМК дарылардын баасын көзөмөлгө алууда. Азыркы тапта 500дөн ашык дарылардын түрү мурдакыга караганда арзан баада сатылып жатат. Бул арада Медициналык жабдыктар жана дары-дармектер департаменти баасы түшкөн дарылардын тизмесин жарыялады.

Алтымыш жаштан өтүп калган Жаңыл Абдурашитова ден соолугуна байланыштуу кардиологдун көрсөтмөсү менен берилген дарыларды ай сайын үзгүлтүксүз сатып алат. Ал буга чейин бир айда 500 сомго сатып алчу дарыларын азыр 450 сомдон алып жатканын айтып, дары-дармектин баасы бир аз арзандаганын байкаган.

Мамлекет дары саясатын көзөмөлгө алып анын баасын калкка жеткиликтүү болгондой мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин протоколдук тапшырмасын эске алуу менен атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Анын курамына УКМКнын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчилери кирген. Фармацевтикалык компаниялардын башчылары менен жолугушуулар өтүп, анда күнүмдүк керектелүүчү негизги дарылардын баасын арзандатуу боюнча маселе көтөрүлгөн.

Азыркы тапта фарм компаниялар Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу фонду менен биргеликте иш алып барууда. Жалпы эл көп алган 6 миңден ашык дарынын түрү болсо анын 500үндө баасы 10-50% чейин төмөндөдү. Анткен менен дары саткан компаниялар баанын арзандай баштаганын жарандар айтып жатышат дейт. Айрымдары үчүн балким 10-12% арзандатуулар сезилбей калганы менен жалпы көрүнүш мурдагыга караганда жеңилдеди. 

Белгилей кетсек, бааларды көзөмөлдөө жана тармактагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында УКМК дарылардын баасын көзөмөлгө алууда. Азыркы тапта 500дөн ашык дарылардын түрү мурдакыга караганда арзан баада сатылып жатат. Бул арада Медициналык жабдыктар жана дары-дармектер департаменти баасы түшкөн дарылардын тизмесин жарыялады.