Жаңылыктар
Өткөн аптада Бишкекте 4 миң 106 жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өткөн аптада Бишкекте 4 миң 106 жол эрежесин бузуу фактысы катталды

11-ноябрдан 18-ноябрга чейин Бишкек шаарында 4 миң 106 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын милициянын кайгуул кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык мас абалында унаа башкаруу - 68, унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 8, айдоочулук кубөлүгү жок унаа башкаруу - 48, жасалма номур менен унаа башкаруу - 1, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 68, башка жол эрежелерин бузуулар - 3 миң 916. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 323 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.