"Кумтөр" кенинин айланасындагы окуялардын соңку өнүгүшүнө байланыштуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирүү жасады.
"Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду.
Мындай чечимди Centerra Gold Inc Онтарио баалуу кагаздар комиссиясынын талабы боюнча кабыл алган. Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra компаниясын өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына эбегейсиз зор зыян келтиргендигин таанууга чакырып келген. Эл аралык коомчулук инвесторлордун кызыкчылыгына кол салуу эмес экенине жакында ынанат деп ишенебиз. Министрлер Кабинети мындан ары да мыйзамдуулукту жана Кыргызсиан элинин улуттук кызыкчылыктарын жигердүү коргой берет" - деди Акылбек Жапаров.
Буга чейин Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто "Мегаком" уюлдук операторуна байланыштуу ишти уткан. Эске салсак, 2017-жылдан бери Британиянын Виргин аралдарында катталган "Пенвелл Лимитед" компаниясы Кыргызстанга каршы арбитраждык иш козгоп, 298 млн доллар өндүрүүнү талап кылып келген.