Жаңылыктар
Ош облусунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылууда

Президенттин демилгеси менен Ош облусунун райондорунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Көмүр Өзгөн районундагы карьерден казылып, облустун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылууда. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өттү. Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөргө кайрылса болот.