Жаңылыктар
Улуттук тарых музейи бир күнгө жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук тарых музейи бир күнгө жабылды

Улуттук тарых музейи санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 22-ноябрда жабык болорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Музей көрөрмандарын 23 - ноябрь саат 10:00дөн 18:00гө чейин кабыл алуусун улантат. Белгилей кетсек, мекеме 5 жылдык реконструкциялоодон кийин 19-ноябрда расмий ачылды.