Жаңылыктар
Кыргыз - татар биргелешкен долбоорлор ишке ашат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз - татар биргелешкен долбоорлор ишке ашат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Акылбек Жапаров жана Рустам Минниханов мамлекеттик тузүмдөрдү санариптештирүүгө өзгөчө басым жасашты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Татарстан менен кызматташууда ишке ашырыла элек чоң потенциал бар экендигин белгиледи.

"Биз өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз. Кеп пандемиядан соң жандана баштаган курулуш тармагы, айыл чарба техникасынын лизинги, баалуу кагаздар рыногу жана өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү тууралуу болууда. Кыргызстан экономиканы ыкчам өстүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулууда", - деди Акылбек Жапаров. 

Өз кезегинде Татарстандын президенти "Кыргызстан - Татарстан" ишкер форумунун жогорку денгээлде уюштурулгандыгын белгилеп, мындай иш-чаралар бардык деңгээлдеги өнөктөш өз ара аракеттенүүлөрдү тереңдетүү үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылаарын кошумчалады.