Бүгүн бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдардын күнү. Бул ирет жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан иш-чарага жети облустан 500гө жакын ишкер айымдар келген. Эл аралык майрам дүйнөнүн 144 өлкөсүндө белгиленет. Ага карата Бишкекте өткөн жыйында өлкөнүн ар тарабынан чогулган айымдар өнүгүүдөгү өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Элет жериндеги айымдардын көпчүлүгү кол өнөрчүлүк, мал-чарба, аарычылык, багбанчылык, тигүүчүлүк менен алектенип киреше булагын артырып үй-бүлөнүн келечегине салым кошууда. Эл аралык уюмдардын жардамы менен элеттин артыкчылыктарын өздөштүргөн аялдар эми башкаларга да үйрөтүп, өз чөйрөсүн кеңейте баштады.