Жаңылыктар
Бишкекте кыргыз-татар биргелешкен ишкерлер форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кыргыз-татар биргелешкен ишкерлер форуму өттү

Татарстан Россия Федерациясына кире бериш дарбаза жана боордош Кыргыз өлкөсү менен эки тараптуу кызматташтыкты жандантып, алаканы жакшыртуу аракеттерин колдоого алат. Бул тууралуу Татарстандын Президенти Рустам Минниханов Бишкекте өткөн кыргыз-татар биргелешкен ишкерлер форумунда айтты. 

Бизнес коомчулуктун башын бириктирген форумда кызматташтыкты арттыруунун ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Татарстан менен кыргыз ишкерлеринин биргелллешкен ири форуму мындан алты жыл мурда Бишкекте өткөн. Андан бери ишкерлердин чоң форматтагы жолугушуулары пандемияга байланыштуу улам кийинкиге калып отуруп, мүмкүнчүлүктүн убакыт-сааты ушул учурга туш келди.