Жаңылыктар
Беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды

Беш жыл жабык турган улуттук тарых музейи кыргызстандыктар жана меймандар үчүн эшигин ачты. Расмий ачылыш аземи манас айтылып, театралдаштырылган иш-чара менен коштолду. 

Тарых музей заманбап болуп жаңыланды. Музейге келгендер байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар менен тааныша алышат. Улуттун сыймыгы болгон тарых музейи учурунда Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири болгон. Ал жаңылангандан кийин миңден ашык экспонаттын баары коюлду. 

20-ноябрдан тарта музей бардык каалоочулар үчүн өз эшигин ачат. Алгачкы он күндө кирүү акысыз экенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандарга бет кап кийүүсү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.