УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар камсыздалган.
Иштөө шарттары да талапка жооп берет. Жаңы имараттын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Камчыбек Ташиев өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгын белгиленди. Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары белгиленди.