Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 600дөн ашуун адам каза болуп, 9 миңге чукул киши ар кандай жаракаттарды алган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп.
Мындан улам 21-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтүүдө. Окуучулар арасында ачык сабактар өтүлүп, айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Бул кадрлар күбөлөр тарабынан тартылган. Үрөй учурган кырсык кечки саат алтыларда Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 29-чакырымында болуп, "Тойота Ипсум" менен "Түндүк электр" ишканасынын УАЗ үлгүсүндөгү унаасы кагышкан. Авариянын кесепетинен үч киши мерт болгон.
Күн мурун Бишкек - Ош унаа жолундагы 3 унаанын катышуусундагы жол кырсыгы 8 адамдын өмүрүн алды. Каза болгондордун бири 15 жаштагы өспүрүм болгон. Мындай жол кырсыктары акыркы убактарда көп катталууда. Быйыл салыштырмалуу 23 пайызга өскөн. Ушул эле жылы авариядан 600дөн ашуун адам өмүрү менен кош айтышты.
Орто эсеп менен күн сайын ооруканага жол кырсыгынан жабыркап 4-5 адам түшөт. Айына оор жана жеңил жараттары менен 100дөн ашуун бейтап кайрылат. Тилекке каршы быйыл балдар катышкан жол кырсыктары дээрлик эки эсеге чейин өскөн. Жыл башынан бери авариядан 80ден ашуун баланын өмүрү соолуду. Буга байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте мектеп окуучуларына түшүндүрүү сабактары өтүлүүдө.
Айдоочулардын жоопкерчиликсиздиги жүздөгөн өмүрлөрдүн кыйылып, миңдеген кишилердин жабыркашына алып келүүдө. Мындан улам ар жыл сайын дүйнө жүзү ноябрдын үчүнчү жекшембисинде жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерет. Быйыл бул күн өлкөдө 21-ноябрда белгиленет. Эскерүү жүрүшүнө баардык каалоочулар катыша алат.