Жаңылыктар
Татарстандын президенти Айтматовдун үй-музейине барды
Кыргызстан жаңылыктары
Татарстандын президенти Айтматовдун үй-музейине барды

Татарстандын Президенти иш сапарынын алкагында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды. Рустам Миннихановду аталган жайда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов коштоп жүрдү. 

Ал жерден жазуучунун бир туугандары, балдары тосуп алып, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле, Татарстандын Президенти үй-музейдеги экспонаттарды көрүп чыгып, эстелик жазуулар китебине өз каалоосун калтырды. Анда улуу жазуучунун 95 жылдыгына карата эки элдин ортосунда биргелешкен иш-чаралар уюштурулары белгилүү болду. Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Татарстанды маданияты, тилинин окшоштугу, дини, каада-салты бириктирип турат.

“Кыргызча, татарча, орусча тасмаларды тартуу, китептерди чыгаруу жана Айтматовдун жаркын элесин апасы Нагима айымдын мекенинде эскерүү иш-чаралары болот. Пландар абдан көп. Жакын арада пандемия жоюлуп, онлайн эмес, офлайн режимде биргелешкен иш-чараларды өткөрөбүз деген ойдомун. Дүйнө өзгөрүп жатканда, ата-бабаларыбыздын маданий каада-салттарын улай алдыга жыла беришибиз керек”,- деди Татарстандын маданият министри Ирада Аюпова.