Ушул жылдын апрель-октябрь айларында Кыргызстанда электр энергиясын керектөө чеги 530 миллион кВт/саатка же 10,4% ашып кетти.
"Улуттук энергохолдинг" ишканасы белгиленген лимит сакталбаса, Токтогул суу сактагычындагы суу тартылып, электр энергиясын берүүдө чектөө киргизүүгө алып келиши мүмкүн экенин билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, апрелден сентябрга чейин Токтогул суу сактагычына суунун агып кириши акыркы төрт жылдагыдан бир топ аз болду. Ушундан улам Казакстандан, Өзбекстандан жана Түркмөнстандан электр жарыгын импорттоо жана алмашуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Жыл сайын Кыргызстанда дээрлик 15 миллиард кВт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бирок керектөө көбөйүп бараткандыктан, бул жетишсиз.
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң чоң энергетикалык каатчылыкка туш болду. Буга байланыштуу "Түндүк электр" ишканасы бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизген. Энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырып келет.