Жаңылыктар
Унаа салыгын төлөбөгөндөргө айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа салыгын төлөбөгөндөргө айып салынды

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Мамлекеттик салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 текшерүү өткөрдү. 

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүк үчүн 739 миң сом көлөмүндө 739 административдик айып салынган.

Эскерте кетсек, быйыл унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 1 миң сом административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум кошулат.