Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев Вашингтондогу АКШнын Тышкы саясат боюнча Америка кеңешинин ардактуу мүчөсү, Борбордук Азия жана Кавказ институтунун төрагасы доктор Фредерик Старр менен жолугушту.
Анда Аманбаев Кыргызстандагы соңку жылдары ишке ашырылган Конституциялык реформа жана шайлоо мыйзамын өзгөртүүнүн маңызын түшүндүрүп, алдыда болуучу парламенттик шайлоо тууралуу кеңири маалымат берди. Кыргыз элчиси Президент Садыр Жапаров жакында Глазгодо өткөн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнөлүк конференцияга катышып, дүйнө жүзү боюнча тоолуу өлкөлөрдөгү көп жылдык мөңгүлөрдүн тездик менен эрип жаткандыгын айтып, бул көйгөйгө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга аракет кылганын билдирди.
Ошондой эле элчи "Кумтөр" кенинин тегерегиндеги талаш-тартыш деңиз деңгээлинен 4 миң 500 бийиктикте жайгашкан көп жылдык муздун корунун жоопкерчиликсиздик менен талкаланышы кыргызстандын мурдагы эң жогорку бийлик өкүлдөрүнүн ири коррупциялык аракеттерине байланыштуу экендигин түшүндүрүп, кыргыз бийлигинин "Кумтөр" боюнча жүргүзгөн саясатын дүйнө коомчулугуна туура түшүндүрүп берүүгө көмөктөшүүгө чакырды.
Өз кезегинде доктор Старр дүйнө жүзү боюнча көп жылдык мөңгүлөрдүн тездик менен эриши чындап эле жалпы адамзат үчүн олуттуу көйгөй экендигине жана анын алдын алуу жер жүзүндөгү ар бир адамдын милдетти экендигине токтолуп, бул багытта биргелешип иш алып баруу боюнча өз ойлорун ортого салды. Андан ары тараптар келечекте эки жана көп тараптуу негизде биргелешкен иш-чараларды уюштуруу пландарын талкуулашты.
Фредерик Старр Дүйнөлүк Джонс Хопкинс университетинин Пол Ниц атындагы алдыңкы эл аралык изилдөөлөр мектебинин изилдөөчүсү, Борбордук Азия жана Кавказ изилдөөлөр институтунун президенти. АКШдагы Ооганстан, Борбордук Азия, Кавказ, Россия өлкөлөрү боюнча чыгаан эксперт. 20 китептин жана эки жүздөн ашуун макаланын автору.