Жаңылыктар
Тоң районундагы селден жабыркагандарга “Кумтөр” жардам берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Тоң районундагы селден жабыркагандарга “Кумтөр” жардам берүүдө

“Кумтөр” кенине убактылуу сырткы башкаруу киргизилгенден бери компания өтө муктаждарга жардам берүүнү, кайрымдуулук иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү салтка айланткан. Ушул жылдын 30-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жүргөн катуу селдин кесепетинен зыян тарткан айылдарга көрсөткөн жардамы буга мисал.

Ушул жылдын 30-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда катуу сел жүрүп, бир катар айылдар зыянга учураган. 2 миң түтүн калк жашаган Оттук айылы көбүрөөк жапа чегип, 320 үйдү суу каптаган. Анын ичинен 64 үй Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан катуу жабыркаган деп бааланган.

Эл башына түшкөн мындай кырдаалда “Кумтөр” компаниясы элге биринчилерден болуп жардамга келген. Компаниянын убактылуу сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен жараксыз абалга келген чарбалык жолдорду тазалоого ошол эле күнү оор техникалар жиберилген. Күн сууктаганы “Кумтөр” муктаждарга отун түшүрүп берсе, кечээ жакында эң керектүү болгон азык-түлүк топтомун таратып берди. Ал топтомдун арасында жылуу пледдер, балдар үчүн таттуулар да бар.