Ушул жылдын 5-ноябрында Шайлоо мыйзамдарын бузуу мүмкүндүгү тууралуу 6 маалымат катталган. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча 1 факты.
Анда "Мекенчил эл" партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер Тообеков шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Талас облусунун тургундарына кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аларды шайлоого катышуусуна арналган кайрымдуулук сый тамакка чакырган. Арыз менен кайрылган Гүлмира аттуу жаран бул кадамды добуш сатып алуу катары сыпаттап, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Буга байланыштуу тиешелуу документтер атайын кызматтарга өткөрүлүп берилди.
Ал эми Ош облусунун аймагында 3 мыйзам бузуу фактысы катталган. 3-ноябрда №7 Ош округдук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Фаттаховдон мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүсү боюнча даттануу келип түшкөн. Маалымдалгандай, ушул жылдын 27-сентябрында Кыргызстан элинин ассамблеясынын Ош облустук бөлүмүндө диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда, Б. Фаттахов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жатканын белгилеп, "туура тандоо" жасоого чакырган. 4-ноябрь күнү болсо №7 Ош округдук шайлоо комиссиясына "Азаттык" партиясынын тарапкерлери тарабынан административдик ресурс колдонулгандыгы боюнча маалымат жөнөтүлгөн.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, андан соң материалдар Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилет. Ошол эле учурда, "Азаттык" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Ж. Жолдошева, И. Жунусов жана А. Келдибеков Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын административдик имаратына баруу менен тергөөчүлөргө жана жетекчиликке кысым көрсөтүүгө аракет кылганы маалымдалды. Алай районунун аймагында күйүүчү-майлоочу майларды бекер таркатып шайлоочуларды добушун сатып алуу фактысы боюнча да ИИМдин Ош облустун жана Алай райондук бөлүмдөрү тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Ысык-Көл облусу боюнча 2 факт катталган. 2-ноябрь күнү Балыкчы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталган. Атап айтканда, Балыкчы шаарында мыйзамсыз каржы пирамидасын уюштуруудан жабыр тарткандар Вотсап мобилдик тиркемесинде "Жүрөк доллар" тобу түзүлүп, анда Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А. Тукунов тарабынан аларга каржылык жардам көрсөтүү боюнча маалымат жарыялаган.
Бирок аталган факты боюнча материалдарда кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш токтотулган. Добуш сатып алуу фактысы боюнча дагы бир факт аныкталып, анда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан талапкер Мамытовдун тарапкери тарабынан Вотсап мобилдик тиркемесинде аны колдоого чакырган аудио жазуулар таратылган. Бирок мында эч кандай мыйзам бузуу жок болгондуктан, аталган факты боюнча иш токтотулган.