Санитардык-экологиялык инспекция шаар тургундарын тыюу салынган буюмдарды өрттөбөөнү суранат. Түтүн менен бирге оор химиялык заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузат, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Буга байланыштуу мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктарды тыюу салынган буюмдарды өрттөбөөнү суранат. Мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 71-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 7 жарым миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынат. Мындай мыйзам бузууларга күбө болгондор санитардык-экологиялык инспекциянын төмөндөгү номерлерине чалууну өтүнөт:
- Свердлов району боюнча: 0551 55 17 45;
- Октябрь району боюнча: 0505 52 38 32;
- Биринчи май району боюнча: 0555 40 48 18;
- Ленин району боюнча 0554 22 22 13.