Жаңылыктар
Таластагы катуу шамалдын кесепети
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы катуу шамалдын кесепети

Таласта болгон катуу шамалдан бак кулап, 42 жаштагы жаранды басып калган. Ал ошол жерден жан берген. Аймакта кечээ, 17-ноябрда секундасына 20-25 метр ылдамдыктагы катуу шамал катталган. 

Бороон Манас районундагы Цыренин, Көк-Дөбө айылдык мектептин, Кызыл-Жылдыздагы жана Бала-Саруу мектептеринин чатырларын учуруп кеткен. Учурда жарандык комиссия чыгымдарды тактап, жеринде иш жүргүзүүдө.

"Азыр чыгымдарды эсептөө жеринде жүрүп жатат. 4 мектептин чатыры шамалга учкан. Бир адам каза болду", - деди ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын кызматкери Уларбек Тамабаев.