Жаңылыктар
Өлкөдөгү бардык ашуулар жана жолдор кардан тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдөгү бардык ашуулар жана жолдор кардан тазаланууда

Республикалык маанидеги бардык ашууларда жана жолдордо тайгакка каршы инерттүү материалдарды кошуп себүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 18-ноябрга караган түнү жол кызматкерлери Боом капчыгайында үч жолу инерттик материалдарды кошуу иштерин жүргүзүшкөн. Мындан тышкары кар күрткүсү пайда болгон Кемин - Шабдан - Көк-Ойрок жолуна кум-туз аралашмасы кошулуп, себилди. Ушундай эле иштер Бишкек - Ош жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Талас - Тараз - Суусамыр унаа жолунда да жүргүзүлдү. 

Төө-Ашууда жол кырсыктарын болтурбоо максатында күнүнө төрт жолу шагыл-кумдуу туз төгүлүп жатат. Ошондой эле, Сосновка постунда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бел, Көк-Бел, Чапчыма, Нарын облусундагы Долон ашууларында жолдордогу муз менен карды эритүү иштери жүргүзүлдү.