Жаңылыктар
Марат Иманкулов КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Марат Иманкулов КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Москва шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчыларынын тогузунчу жолугушуусу болуп өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов катышты. 

Жолугушуу жүрүшүндө эл аралык коопсуздук жаатындагы бир катар маселелер, анын ичинде Афганстан аймагынан келип жаткан жана биотехнологиянын, анын ичинде синтетикалык биологиянын өнүгүүүсүнө байланыштуу жаралган коркунучтар талкууланды. Ошондой эле, жолугушуу катышуучулары КМШ катышуучу мамлекеттеринин миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык маселесин талкуулашты. 

Күн тартибине ылайык улуттук жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрү боюнча өз көз караштарын КМ катышуучу мамлекеттеринин коопсуздук кеңешинин катчылары билдиришти (Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Түркмөнстан, Өзбекстан Республикасы).

Жолугушуу аянтчасында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Россиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосунда 2022-2023-жылдарга кызматташуу планына кол коюшту.