Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында, 17 жаштагы мектеп окуучусу жогорку чыңалуудагы электр мамычасынан боюн таштаганга аракет жасап жаткандыгы тууралуу маалымат саат 17:18 ӨКМге түшкөн. Жерине №58 ӨКБдан 5 куткаруучу барып, жардам көрсөтүлгөн.
Тажрыйбалуу куткаруучулардын жардамы менен 30 мүнөттүк сүйлөшүү орундалып, боюн таштаганы аракет кылган бала куткарылып ата-энесине өткөрүлүп берилди.