Жаңылыктар
Чүй: жол кырсыгынан каза болгон 3 адам «Түндүк электрдин» кызматкерлери болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй: жол кырсыгынан каза болгон 3 адам «Түндүк электрдин» кызматкерлери болгон

Ысык-Ата районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында жол кырсыгы катталды.  «Северэлектрого» таандык УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен Тойота Ипсум жеңил автоунаасы кагышып, 3 киши бара жаткан УАЗ оор жүк ташуучу унаасы дароо өрттөнүп кеткен. Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толук өчүрүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын кесепетинен УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасындагы 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган. Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.