Жаңылыктар
"Алтын балалык" комплексинде курулуш иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Алтын балалык" комплексинде курулуш иштери уланууда

Ысык-Көл облусундагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборунда реконструкциялоо иштери уланууда. 

Курулуш иштери башталгандан бери бир топ жумуш бүткөрүлдү. Учурда борбордун үч кабаты ишке берилди. Борбор өлкөнүн алыскы аймактарындагы ата-энесинен айрылган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана энелердин ден соолугун калыбына келтирүү жана чыңдоого ылайыкталган. 

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам бүтпөй турган комплекске үстүбүздөгү жылдын март айында барган Мамлекет башчысы курулуш иштеринин талап кылынган көлөмү менен таанышып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган.