Жаңылыктар
Кемин районундагы мобилдик диагностикалык клиника өз ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кемин районундагы мобилдик диагностикалык клиника өз ишин баштады

Чүй облусунун Кемин районунда мобилдик диагностикалык клиника жарандарды бекер кабыл алууда. Көчмө клиниканын дарыгерлери аймактагы бардык район, шаарлардын тургундарын текшерүүдөн өткөрүп, дарыланууга кеңеш беришет. Алардын айлык акысы менен чыгымдары Ислам өнүктүрүү банкы жана "Фаель Хаир" кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланууда.

Жергиликтүү тургундар арасында мобилдик клиникага кайрылгандардын басымдуу бөлүгү улгайгандар. Гүлбара апа 3 жыл мурда инсульт алып, азыр күндүн суугуна карабай атайын текшерилүүгө Жаңы-Алыш айылынан келди. Оор илдеттен кийин саламаттыгынын бир калыпта экенин угуп сүйүнүп, эми дарыгердин көзөмөлүндө калыбына келтирүү мезгилин өткөрөт.