Жаңылыктар
Өкмөт багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулатты
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт багуучусунан айрылган балдардын пенсиясын жогорулатты

Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээли жогорулатылды. Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Чечим Президенттин "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленген. 

Багуучусунун биринен айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү ушул жылдын 1-октябрынан тартып 1 миң 500 сомго, келерки жылдын 1-январынан тартып 2 миң сомго чейин жогорулатылат. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан жана энесинен айрылган учурда, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып 3 миң сомго, 2022-жылдын 1-январынан тартып 6 миң сомго чейин жогорулатылат. Бүгүнкү күндө Социалдык фонддун органдарында болжол менен багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу 60 миң адам турат. Анын ичинде ата-энесинин бирин жоготкондор 58 миң 800 адам, ал эми ата-энесинен бирдей айрылган 500 миң адам турат.