Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө жана үгүт иштерине кийлигишсе же башка мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат болсо улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайрылууга чакырат. Аталган ведомстводон мындай көрүнүшкө мыйзамда каралган тартипте тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтышты.
Андан сырткары, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын бардык аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин аныктоо, бөгөт коюу боюнча атайын ыкчам тергөө иштерди пландык негизде улантып жатканын кабарлаган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жогорудагыдай көрүнүштөр болсо билдирип коюуну айтып, төмөнкү телефон номерлерди жарыялады:
УКМКнын нөөмөт бөлүмүнүн телефону:
Бишкек шаары: (0312) 66-04-75;
Чүй облусу: (0312) 54-07-19;
Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
Ош облусу: (03222) 2-30-78;
Талас облусу: (03422) 5-20-43;
Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
Нарын облусу: (03522) 5-08-49.