Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а дарегинде көмүр сатуучу кошумча жай ачылды, ал жерден көмүрдүн тоннасын 3 миң сомдон алууга болот. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров Кара-Кеченин көмүрүн арзандатылган баада сатууну уюштурууну тапшырган. Калктын көмүргө болгон суроо-талабы жогору болгондуктан, арзандатылган баада көмүр сатуучу кошумча жай ачуу чечими кабыл алынды.
Буга байланыштуу Бишкекте арзандатылган баадагы көмүр төмөнкү даректерде сатылууда: Бишкек шаары Мурманск көчөсү 1Б/1, Ден Сяопин проспектиси 306/2а.