Жаңылыктар
"Кумтөр" ишканасы Кыргызстандагы илимий коомчулукту колдоого алат
Кыргызстан жаңылыктары
"Кумтөр" ишканасы Кыргызстандагы илимий коомчулукту колдоого алат

“Кумтөр Голд Компани” кыргыз экономикасын гана алга сүрөбөстөн, башка дагы мамлекеттик маанилүү иштерди колдоого алууда. Өткөн айдын акырында “Кумтөр” компаниясынын демилгеси менен “Кыргызстандагы илим жана билимдин өнүгүшү: перспективалар” аталышындагы эл аралык форум уюштурулуп, Кыргызстандагы жана чет жактагы окумуштуулардын башын бириктирген зор окуя болгон. 

Форумда компаниянын сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк илимий коомчулукту колдоого алууга даяр экенин, сөздөн ишке өтүүгө убакыт келгенин жана “Кумтөрдүн” эшиги мыкты идеялар, келечектүү долбоорлор үчүн ачык экенин жар салган. Көп өтпөй 11-ноябрь күнү окумуштуу, илимпоздордун жоон тобу “Кумтөр” кенине барып келишти.