Кыргызстан эл аралык арбитраждык сотто "Мегаком" уюлдук операторуна байланыштуу ишти утту. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 2017-жылдан бери Британиянын Виргин аралдарында катталган "Пенвелл Лимитед" компаниясы Кыргызстанга каршы арбитраждык иш козгоп, 298 млн доллар өндүрүүнү талап кылып келген.