Жемкорлукка каршы туруу күчөтүлүүдө. Алсак, каржы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ал коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатын көздөйт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкердик кеңештин алгачкы жыйынында билдирди.
Отурумда бардык тараптар коррупцияга байланыштуу орчундуу ойлорун ортого салып, сунуштарын беришти. Жыйындын соңунда атайын резолюция кабыл алынып, бир катар чечимдер каралмай болду.
Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынына кылдат даярдык көрүлгөн. Кеңештин курамына кирген мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн орундары такталган. Онго белгиленген жыйынга Президент өз учурунда кирип келди.