Жаңылыктар
ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 7 киши каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктын кесепетинен 7 киши каза болду

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында "Камаз", "Mercedes-Benz Sprinter" жана "Daewoo Nexia" унааларынын катышуусунда адам өмүрлөрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.

Жерине Кара-Суу районунун куткаруучу тартылган. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н. Шаматов абалды көзөмөлгө алууда.