Жаңылыктар
Кыргызстан "Мегаком" иши боюнча сотто утту
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан "Мегаком" иши боюнча сотто утту

Кыргызстан 300 млн долларлык “Мегаком” иши боюнча Лондон шаарындагы эл аралык арбитражда биротоло утту. 

Ушул жылдын 8-октябрында «Penwell Business Limited Кыргыз Республикасына каршы» иши боюнча жыйынтыктоочу арбитраждык чечим чыгарылды. Ага ылайык, доо арыз ээсинин 298 миллион долларын кенемте катары төлөтүү талабы арбитраждын курамы тарабынан толук четке кагылды.

Аны менен бирге, ушул жылдын 5-ноябрында Лондондун Жогорку сотуна арбитраждык чечимди жокко чыгарууга өтүнүч келтирүү мөөнөтү аяктады. Муну менен, Кыргызстан дээрлик 300 млн долларлык аталган талашта утушка ээ болду деп айтса болот.

Белгилей кетсек, бул маселе Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө болуп келген», - деп билдирди Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.