Жаңылыктар
Ишкерлер кеңешинин жыйынында жер тилкелерин трансформациялоо маселеси көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ишкерлер кеңешинин жыйынында жер тилкелерин трансформациялоо маселеси көтөрүлдү

Кен байлыктар, жер, суу, жайыттар - булардын баары улуттук байлык. Жер тилкелерин трансформациялоодо мурунку кетирилген каталарга жол бербей, буга чейинки трансформациялоонун сабактарын эске алуу абзел экенин Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров айтты. 

Ал белгилегендей, өзгөчө, Бишкектин айланасындагы жерлерди трансформациялоо боюнча көптөгөн коррупциялык схемалардын бети ачылууда. Аткарган кызматына карабай, коррупцияга тиешеси болгон бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Мындай жагымсыз көрүнүштөрдү болтурбоо максатында "Жерди трансформациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгом. Ошондуктан жерлерди инвентаризациялоо маселесин жана жердин бардык категорияларынын акыркы реестрин аныктап-тактап, бүткөрүү зарыл" - деди мамлекет башчысы Садыр Жапаров.