Ата мекендик же чет өлкөлүк инвесторлордун, ошондой эле жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров Антикоррупциялык ишкер кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтуусунда, рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. "Бири-бирин коргоо", "пара берүү" жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек - деди мамлекет башчысы.
"Өзүңүздөр билесиздер, ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени, мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек.
Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш. "Бири-бирин коргоо", "пара берүү" жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!
Бизнестин катышуучуларынын ортосундагы экономикалык талаш-тартыш маселелери мыйзам чегинде сотто чечилиши кажет. Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл.
Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндөгү укук коргоо жана сот органдарынын акыйкат иш-аракети - элдин ишенимин арттыруунун бирден-бир булагы. Мамлекеттин жана жалпы эле Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатына ишеним жаратуу алардын ишмердүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан элдин, катардагы жарандардын кызыкчылыгы үчүн өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда ачык-айкындыкты максималдуу түрдө камсыздоо зарыл. Арыздарды кароонун убактысы Кылмыштардын жана жосунсуз жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган учурдан баштап, ишти кароонун жыйынтыгын алганга чейин так болушу керек.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү. Мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл. Тергөө башкармалыгына тергөөчүлөрдү тандоо ачык жүргүзүлүп, талапкерлердин коррупцияга азгырылышына каршы туруусун аныктоо үчүн полиграфтан жана психологиялык тесттен өтүшү зарыл. Ички иштер министрлигине, сот тутумуна, ошондой эле мамлекеттик кызматка жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тандоо учурунда кызматкердин коррупцияга азгырылуусуна каршы туруктуулугун аныктоо үчүн психологиялык диагностика сөзсүз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш",- деди Президент Садыр Жапаров.