28-ноябрда шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл. Мындай пикирин өлкө жетекчиси Садыр Жапаров Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекеттин коррупцияга каршы саясаты кыска мөөнөттөгү тактикалык маселелерди жүзөгө ашыруу системасын өзгөртүүгө багытталган. Бизнес коомчулугу, жарандык коом, илим жана билим берүү мекемелери мүмкүн болушунча тезирээк чечүүнү талап кылган артыкчылыктуу иштерди сунушташууда. Көптөгөн демилгелер мыйзамдарга байланыштуу. Ошондуктан 28-ноябрда шайлана турган Жогорку Кеңештин жаңы курамына бизнестен жана жарандык коомдон социалдык заказды түзүү зарыл деп эсептейм - деди Садыр Жапаров.
"Бизнес менен мамлекеттик органдардын, коомчулук менен аткаруу бийлигинин ортосундагы эффективдүү диалогдун механизми катары Антикоррупциялык ишкердик кеңешин түзүү тууралуу демилгемди коомчулук, бизнес чөйрөсү, инвесторлор, илим жана билим берүү мекемелери жапырт колдоого алышты. Өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын бардык кызыкдар тараптардын түздөн-түз катышуусу менен иштеп чыгуучу орган түзүлдү. Ошону менен бирге, бир нече ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттерди координация кылуусу жана алардын бирин-бири кайталоосу жоюлуу алдында турат. Чоң системалык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылып жатат. Биринчи жолу Конституцияга коррупцияга каршы күрөшүү ченемдери киргизилди. Конституциянын 4-беренеси аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупцияга шарт түзө турган аракеттерине тыюу салынды. Мыйзамдарды инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө. Бири-бирине карама каршы келген мыйзамдар оңдолууда",- деди президент Садыр Жапаров.