Бишкектеги Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы билдирди. Маалыматта айтылгандай, бул кампада көмүр лимит менен сатылууда: бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр берилет.
Лимит сатуучулар тарабынан алып-сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар. Күн мурун президент Садыр Жапаров борбордо көмүрдүн баасы тоннасы 3 миң сомго чейин арзандарын убадалаган.