Жаңылыктар
Боом капчыгайында 19-ноябрга чейин таш түшүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Боом капчыгайында 19-ноябрга чейин таш түшүрүлөт

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында же Боом капчыгайы, темир жолдун 3 902-чакырымына таш түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди. 

Жумуштар 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жүргүзүлө турганы айтылды. "Бул убакта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын кызматкерлери жолдун жарымын саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат. Ал эми транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таштарды түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет", — деп айтылат маалыматта.

Мындай иштер аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жасалып жатканы кошумчаланды.