Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Бүгүн, 16-ноябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 484 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 193 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 602 куб метрге жетүүдө.