Жаңылыктар
Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт

Бүгүн, 16-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму өтөт.

Иш-чарага Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөш мүчөлөр, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы ыйгарым өкүлдөр жана башкалар катышат.

Өлкөнүн коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын  негизги багыттары, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашыруунун актуалдуу маселелери,  бизнес-ассоциациянын коррупция менен күрөштө ролу жана башкалар талкууланат.

Жыйын КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир 10-00до башталат.

Эске салсак, Кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын, жарандык сектордун, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү. Кеңештин мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.