"Мээримдүү тыйын" кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган каражаттардын кутучалары ачылды.
Андагы каражаттар саламаттыгы оор абалдагы өспүрүмдөрдүн дарылануусу, операциясына жумшалат. Иш-чара акыркы 6 жылдан бери жылына эки жолу өткөрүлүп келет.
Бул жыл аралыгында кайрымдуу жарандардан чогулган каражаттар 70тен ашуун баланын өмүрүн сактап калды.