Өлкөдөгү болгон көйгөйлөрдүн баарын бир аянтта отуруп, биргеликте чечүү жана андагы кемчиликтерди бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү демилгеси көтөрүлдү. Бул багытта бүгүн республиканын бардык аймактарынан келген активисттер Улуттук диалогго чогулду.
Талкууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева катышып, аймактардан келген жарандардын көйгөйлөрүн угушту.