Жаңылыктар
Баткен: социалдык объектилерди курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен: социалдык объектилерди курууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды

Башкы прокуратура Баткен облусунда социалдык объектилерди курууда мамлекетке 12 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген фактыны аныктады. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан аткарылбаган жана бүтпөй калган курулуш иштери боюнча тендердик шарттарды бузуу менен жеке жактарга 12 миллион 480 миң 199 сом мыйзамсыз которулгандыгы аныкталган. 

Чогултулган материалдар кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча катталып, тергөө иштери башталды.