Жаңылыктар
Өлкө аймактарынан келген активисттер жалпы Улуттук диалогго чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймактарынан келген активисттер жалпы Улуттук диалогго чогулду

Өлкөдөгү болгон көйгөйлөрдүн баарын бир аянтта отуруп, биргеликте чечүү жана андагы кемчиликтерди бийлик өкүлдөрүнө жеткирүү демилгеси көтөрүлдү. Бул багытта бүгүн республиканын бардык аймактарынан келген активисттер Улуттук диалогго чогулду. 

Талкууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева катышып, аймактардан келген жарандардын көйгөйлөрүн угушту. Анда Эдил Байсалов сөз сүйлөп, демократиялуу ачык коомдо бардык маселелер ачык айтылып, бийлик өкүлдөрүнө түз жетиши керектигин айтты.