Жаңылыктар
УКМК: Аламүдүн районунун тергөөчүлөрү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Аламүдүн районунун тергөөчүлөрү опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. 

Атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн. Тергөөчүлөр жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом акча талап кылышкан. 10-ноябрда милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы банктардын биринен жарандын банк картасы аркылуу 70 миң сом алышкан. 

12-ноябрда тергөөчү жаранга карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.