Борбор калаанын жолдору жана тротуарларындагы карды тазалоо үчүн 37 техника колдонулуп, 44 тонна туз себилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, көчөлөрдөгү карды күрөө жумуштары таңкы саат 4:00дө башталган. Ишке жол-эксплуатациялык бөлүмүнүн 12 кызматкери, кар тазалоочу 25 машина, төрт универсал унаа, беш трактор чыккан. Ошондой эле көчө тазалаган 608 жумушчу кадимки тартип менен иштеп жатат.
Кар, муздан тазалоо, жолдорго жана тротуарларга туз себүү муктаждыгы жаралса, мэриянын 0554 182 185 WhatsApp номерине жазып же күнү-түнү иштөөчү "1840" жана "1850" номерлерине кайрылууга болот.